Ал эми бүгүн болсо Курманбек Бакиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү дайындалды. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бегматов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, буга чейин президенттик кызматка талапкер 11 адам БШКга арыз жолдогон. Алардын сегизи, тактап айтканда талапкерлер Исмил Исаков, Жеңишбек Назарлиев, Куттубек Асылбеков, Акбаралы Айтикеев, Курманбек Бакиев, Нурлан Мотуев, Мурат Боромбаев, Алмаз Парманов каттоодон өтүштү. “А.Пармановдон башкасынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү дайындалды. 18-майда президенттикке талапкерди көрсөтүү токтотулат”,-дейт БШКнын мүчөсү А.Бегматов. (AJ)