Бул тууралуу Петровка айлындагы окуяга байланыштуу түзүлгөн коомдук комитетинен билдиришти. Маалыматка караганда, Москва районуна караштуу Петровка жана Ысык-Ата районунун Люксембург айылынын тургундары Петровка окуясы боюнча камакка алынган адамдарды бошотууну, айылдан күрттөрдүн барын көчүрүүнү, кылмыш иши козголгон күрт жарандарын ачык соттоону, саясий куугунтукту үч күндүн ичинде токтотууну талап кылышкан. Коомдук комитет эгерде бул талаптар аткарылбаса аталган айыл тургундары 10-майдан кийин мөөнөтсүз акцияларды башташарын билдиришти. (AJ)