Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Президенттик шайлоого талапкер катары катышууга арыз бергендердин саны сегизге жетти


“Ак жол” партиясынын жума күнү болгон курултайында талапкерлиги көрсөтүлгөн президент Курманбек Бакиевдин арызы да БШКга келип түштү. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты. Курманбек Бакиевге чейин Исмаил Исаков, Жеңишбек Назаралиев, Куттубек Асылбеков, Акбаралы Айтикеев, Нурлан Мотуев, Мурат Боромбаев, Алмаз Парманов арыздарын берген. Бул талапкерлер 50 миңден кол топтоп, шайлоо фондун ачуу сыяктуу иштерди аткаргандан кийин БШКа тарабынан талапкер катары катталмакчы. Талапкерликке көрсөтүү май айынын 18де соңуна чыгат.(AiT)

XS
SM
MD
LG