Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:04

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму кыраакылыкты басаңдатпоону эскертти


Саламаттыкты сактоо уюмунун бул эскертүүсү алдында Мексиканын саламаттыкты сактоо министри Хосе Анкель Кордова чочконун сасык тумоосунун эпидемиясы артка кайта баштаганын жана өлкө бийликтери башкаала Мехикодо коомдук жайларды ушул шаршембиден тарта ачуу же ачпоо маселесин бүгүн чечерин билдирген эле.

Бирок чочконун, куштун, адамдын сасык тумоосунун вирустарынын аралашмасынан турган жаңы H1N1 вирусу дүйнө өлкөлөрүнөн али чыгууда.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Маргарет Чандын айтымында, адам майып болгон учурулардын азайуусу эң оор мезгил артта калды дегенди билдирбейт. Ал бүгүн британдык “Financial Times” гезитинде белгилегендей, вирус буга чейинкиден да коркунучтуу түрдө жыл соңунда кайра кайтып келүүсү мүмкүн.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматтарына караганда, чочконун сасык тумоосунун вирусун буга чейин 20 өлкөдө 1000дей адам жуктурду жана 26 киши ушул оорудан каза тапканы ырасталды.

XS
SM
MD
LG