Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:20

Мелис Жунушалиев: Укук коргоочулардын дооматы куру сөз


Президенттик катчылыктын талдоо кызматынын жетекчиси Мелис Жунушалиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча президент менен бейөкмөт уюмдар өкүлдөрүнүн жолугушуусунда талкуулана турган суроолорду тактап алуу гана аракети жүргүзүлгөн.”Жолугушуу жемиштүү болсун үчүн демилге тобу анда бийлик менен бейөкмөт уюмдардын кызматташтыгы тууралуу маселени гана көтөрүүнү туура көрдү. Бирок ошол эле учурда айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, беш-алты укук коргоочу буга каршы чыгып, бере турган суроолорду президенттин өзүнө гана беребиз, талкуулай турган маселени жолугушууда гана айтабыз, деп талап кылышты”, дейт Мелис Жунушалиев. Анын айтуусунда бул укук коргоочуларга өзүнчө чогулуп, талкуулоочу маселелерди иштеп чыгып, президенттик катчылыкка кайрылуу сунушу берилип, буга алар өздөрү да макулдугун беришкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG