Бүгүн Петровка чатагынын чыгышына кызы зордукталышы себеп болгон Елена Ещенко Башкы прокуратурада сурак берип, энесинин өлүмү боюнча жабырлануучу деп таанылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кылым шамы” укук коргоо уюумунун жетекчиси Азиза Абдрасулова билдирди. Анын айтымында, Елена Ещенко энеси Ольганын муунуп өлүшүнө ишенбей тургандыгын, себеби 14-апрелде көргөндө эле Пасха майрамына даярданып, эч нерсеге даттанбаганын билдирди. Башкы прокуратура Петровка чатагына байланыштуу төрт жашар кызды зордуктоо, анын таенесинин өлүмү жана милиция кызматкерлеринин чара көрбөгөндүгү боюнча үч кылмыш ишин ачып, тергеп жатат. Жабырланган тарапка “Кылым шамы” жана “Балдардын укугун коргоо лигасы” адвокат жалдап жардам берип жатат.(BD)