Бул тууралуу бүгүн Еврокомиссия билдирди. Евробримдиктин аткаруучу органынын айтымында, Европа азыр Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң терең рецессиянын ортосунда турат жана быйыл экономика 4 пайызга төмөндөйт. Бул жыл башындагы эле божомолго салыштырмалуу чоң ажырым. Быйыл январда төмөндөө 1,8 пайызды түзөрү күтүлгөн болчу. Еврокомиссия белгилегендей, рецессия экономиканын 0,1 пайызга төмөндөөсү менен келерки жылы да уланмакчы. Бирдиктүү акча - еврону колдонгон он алты мамлекетте жумушсуздук келерки жылы рекорддук деңгээлге чыгып, 11,5 пайызга жетери күтүлүүдө.