Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Түркия Азербайжанды сооротууга аракеттенүүдө


Азербайжанды Түркиянын коңшу Армения менен алакаларды калыбына келтирүү аракеттери тынчыздандырууда. Анкара менен Ереван өткөн айда эки ортодогу бузулган мамилени калыбына келтирүүнүн, анын ичинде 1993-жылы жабылган чек араларды ачууга жетишүүнүн жол - жобосун аныктаган документке – “жол картасына” кол коюшкан эле. Армения менен Тоолуу –Карабак боюнча чатакташып келе жаткан Азербайжан соңку окуяларга кыжырдануусун билдирген. Түркиянын кызматка өткөн жума күнү дайындалган жаңы тышкы иштер министри Ахмед Давутоглы бүгүн Анкарада Азербайжандын камтамачылыгын талкуулоо үчүн өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Араз Азимов менен кездешти.

Франс-пресс агенттигинин Түркия өкмөтүндөгү булактарга шилтеме берип кабарлаганына караганда, Түркиянын премьер- министри Режеп Тайып Эрдоган ушул айда Азербайжан жана Орусия лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

XS
SM
MD
LG