Украинанын Донецк облусундагы “Новодзержинская” көмүр шахтасында жарылуудан кийин жер алдында калган тогуз кенчини издөө иштери уланууда. “Интерфакс” маалымат агенттигинин кабарлашынча, кырсык болгон учурда шахтада жүздөн ашуун адам бар болчу. Жарылуунун себептери иликтенүүдө.