Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:25

К. Бакиев: Бейөкмөт уюмдарга мамиле оң жакка өзгөрөт


Президент Курманбек Бакиев мындай пикирин бүгүн коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Мамлекет бул уюмдардын ийгиликтүү иш жүргүзүүсүнө кызыкдар экенин айтты. Мамлекеттик органдар менен бейөкмөт уюмдардын тирешип иштеши натыйжалуу стратегия боло албасын баса белгиледи. Президент бийлик менен коммерциялык эмес уюмдардын биргелешип кызматташуусу тууралуу бүгүн жетишилген макулдашууну тарыхый документ, олутуу иштердин башаты, деп баалады. Бул жолугушууга катышуудан баш тарткан уюмдардын бири, “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова “Азаттыкка” мындай макулдашуу пайдасы жок болорун айтты. Укук коргоочунун баамында, жолугушуу ачык-айрым эмес, жабык режимде өттү жана бийлик өзү каалаган адамдар менен өзү күткөн темада талкуу уюмштурду. (EBM)

XS
SM
MD
LG