Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:01

«Ата Мекен» партиясынын Жалал-Абат облустук уюму саясий кырдаалга тынчсызданды


Облустук уюм бүгүнкү талкууда белгилегендей, өлкөдө саясий, социалдык- экономикалык абал оор. Бийлик сөз эркиндиги менен адам укугун чектеп, президенттик шайлоодо мыйзам бузуулар менен утуп чыгуу үчүн айла-амалдарды издөөдө. Үй-бүлөлүк-кландык башкарууну сактап калуунун аракети көрүлүүдө. Артынан чагым уюштуруп, оппозицияны элге жаман көрсөтүүдө. Буга Москва районундагы Петровка айылындагы жаңжалга тиешесиз адамдардын абакта олтурушу, бийликтин Ноокен районундагы өзбек бийлиги орногон Чек кыштагы боюнча өз пикирин эмдигиче билдирбегени, чек ара маселесин чечүүгө батыл киришпегени күбө. «Ак жол» партиясынын облустагы төрагасы Абдымалик Бектемировдун пикири боюнча, Жалал-Абатта үй-бүлөлүк башкаруу сезилбейт. Президенттин бул жердеги инилери өз иштери менен алек болуп, саясатка аралашпайт. Эл 4-5 саясатчынын оппозициячыл сөзүн уга берип, тажап бүттү. (YA)

XS
SM
MD
LG