Бул тууралуу айылдын башчысы Салимурза Жумабаев “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтуусунда Чек айлына сырттан келген тургундар киргизилбей, айылдыктар болсо паспортундагы каттоо мөөрү аркылуу гана кирип-чыгып жатышат. Ал эми айылдын тургундарына таандык болбогон автоунаалар такыр киргизилген жок. Учурда айыл активдери 1 милиция, 1 чегарачы кызматкер менен чогуу күнү-түнү кезектешип нөөмөттө турушууда. 3-майда Чек айлына Жалал-Абат облусунун губернатору Кошбай Масиров облустук күч органдарынын жетекчилеринин коштоосунда барган, бирок өзбек тараптын расмий өкүлдөрү менен жолугушуу аракети оңунан чыккан эмес.
Мурда кабарлангандай, 19-апрелде Жалал-Абат облусунун Ноокен районуна караштуу Сакалды айыл өкмөтүндөгү Чек айлына Өзбекстандык чегарачылар, коопсуздук кызматкерлери курал менен келишип, айылдагы кыргызстандык жарандардын үйлөрүн тинтүүгө алышкан. Бул окуяга байланыштуу КР ТИМ Өзбекстанга нааразылык нотасын жолдогон.(ZKo)