“Ак шумкар” партиясынын лидеринин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, партия 4-майдагы курултайында анын талапкерлигин президенттикке көрсөттү. Эми талапкердин арызы БШКга жолдонуп, штаб түзүлөт жана кол топтоо иштери башталат. “Ак шумкар” партиясы Алмазбек Атамбаев жана Исмаил Исаков менен пикирлеш болгондуктан, шайлоо кампаниясы учурунда алар биргеликте иш алып барууга аракеттенет.(AiT)