“Карек” бейөкмөт уюмунан “Азаттыкка” билдиришкендей Кумтөр алтын кенин иштеткен канадалык ишкана цианид окуясынан жапа чеккен 29 үй-бүлөгө ар бирине 1 млн. сомдон төлөп берүүгө тийиш. Бул үй-бүлөлөр 1997-жылы агын сууга цианид төгүлүүсүнүн кесепетинен каза болгондордун жакындары жана цианиддин кесепетинен майып болуп калгандар. Буга байланыштуу бүгүн 1-Май райондук сотунда каралат деп күтүлүп жаткан соттук териштирүү жоопкер тараптын келбегенине байланыштуу 20-майга жылдырылды.(ZKo)