“Ата Мекен” партиясынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, 4-май күнү “Казакстан” социал-демократиялык партиянын мүчөсү М. Сабитова менен журналист В. Ковтуновскийди кыргызстандык чегарачылар чегарадан киргизбей коюшкан. КР чегара кызматы өз аракетин “Тышкы миграция тууралуу” мыйзамдын негизинде аларга 2019-жылга чейин Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынганы менен түшүндүрүшкөн, бирок эч кандай расмий документ көрсөтүшкөн эмес, деп билдирет партиянын басма сөз катчысы Жоомарт Сапарбаев “Азаттыкка”.
Казакстандык саясатчы М. Сабитова менен журналист В. Ковтуновский Кыргызстанга “Ата Мекен” партиясынын чакыруусу менен келе жатышкан. “Ата мекен” партиясы кыргызстандык чегарачылардын аракетин бийликтин оппозициялык партияларды жекелетүү, аларды административдик ресурстун жардамы менен алсыздандыруу максатында жасалып жаткан чарасы, деп белгилеп, мындай аракеттер Кыргызстанга жакшылыктуу аброй алып келбейт, деп эсептешет.(ZKo)