Бир айга эсептелген машыгууларга НАТОго мүчө жана ага өнөктөш ондон ашуун өлкөнүн аскерлери тартылат. Машыгууларды “булчуң көрсөтүү” аракети катары сынга алган Орусия ал аймактагы ансыз деле татаал кырдаалды курчутарын айтууда. Машыгуулардан бир күн алдыда, кечээ Грузиянын бийликтери Орусия колдогон аскерий козголоңдун бетин ачканын билдиришти. Москва тарап Грузиянын ырастоосун дароо эле “абсурд” деп атады.
Грузия бийликтеринин кийинчерээк билдиргенине караганда, Мухровани аскерий базасындагы козголоң негизинен НАТОнун бүгүн башталган машыгуусун үзгүлтүккө учуратууну максат кылган. Машыгуулар ошол аскерий базадан бир нече чакырым гана алыстыкта өтмөк.