Линктер

жекшемби, 24-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:54

Пакистан армиясы Сват өрөөнүндө талибдерге каршы чабуул баштады


Пакистан армиясы талиб согушкерлеринин турумдарына сокку уруу үчүн тик учактарды, артиллерияны колдонууда. Чабуулду утурлай жергиликтүү бийлик тургундарды Сват өрөөнүнүн башкы шаары – Мингорадан кетүүгө чакырган. Уруштар акыркы күндөрү ушул шаардын тегерегинде жүрүп келген эле. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, шейшембиден бери аймактан 40 миңден ашуун адам чыгып кетти.
XS
SM
MD
LG