Бул тууралуу Электр станциялар акционердик коомунун жетекчиси Сапарбек Балкыбеков билдирди. Анын айтымында, учурда кыргыз жана орус тарап биргелешкен ишкананы уюштуруу, уставын жазуунун үстүндө иштеп жатат. Тараптардын акционердик коомду уюштуруу келишимине май айында кол коюшу белгиленүүдө. “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу үчүн Кыргызстан менен Россия акционердик коом түзүп, анын акцияларына 50% ээлик кылуу тууралуу 3-февралда Москвада өкмөттөр аралык келишимге жетишишкен.(AiT)