АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс Ооганстанга мурда белгиленбеген сапар менен Сауд Арапстандан келди. Гейтс Ооганстандагы америкалык командачылыктын жетекчилери менен жолугушту. Ушул тапта америкалык командачылык өткөн аптада АКШнын талиптерге каршы аба чабуулдарынан ондогон жайкын тургундар каза болду деген маалыматты иликтөөдө.