Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:11

Грузия: Оппозиция менен полиция кагылышты


Кечээ кечке жуук Тбилисиде оппозициянын тарапкерлери менен полициянын кагылышуусунан ондогон кишилер жаракат алды. Грузиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, кагылышууда 29 адам жараат алды, алардын ичинде 6 полициячы жана бир журналист бар. Кагылышуу митингдин катышуучулары Тбилисидеги полициянын имаратына кирүүгө аракет жасаган маалда орун алган. Оппозиция лидерлеринин ырастоосунда, полициячылар митингдин катышуучуларын желим октор менен аткан. Грузияда президент Саакашвилинин кызматтан кетүүсүн талап кылган митингдер бир айдан бери уланууда.

XS
SM
MD
LG