Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:23

БШК А.Атамбаевдин ишенимдүү өкүлдөрүн каттады


Алмазбек Атамбаев өзүн-өзү президенттикке талапкерликке көрсөткөн арызын Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырып, комиссия бүгүн анын эки ишенимдүү өкүлүн каттады. Алмазбек Атамбаевди президенттикке талапкерликке оппозициячыл партия менен кыймылдардын башын бириктирген БЭК кыймылы бирдиктүү талапкер катары көрсөткөн. Андан кийин анын талапкерлигин өзү төрагалык кылган Социал-демократиялык партиясы да көрсөткөн. Бирок БЭКтин саясий бюросунун сунушу менен кыймылган кирген партиялардын бардыгынын кызыкчылыгын бирдей кароо үчүн өзүн-өзү көрсөтүү чечимине келген. (BD)

XS
SM
MD
LG