БШК мындай чечимин бүгүнкү жыйынында кабыл алды жана ага өзүн-өзү талапкерликке көрсөткөн Алмаз Пармановдун президенттик шайлоо фондун түзбөгөндүгү негиз болду. БШК андан тышкары ММКларга шайлоо өнөктүгү маалында мыйзамды сактоого чакырган эскертүү кабыл алды. Буга БШКнын жумушчу тобу жүргүзгөн байкоонун жыйынтыгы түрткү берди. Топтун жетекчиси Самат Бөрүбаевдин айтымында, көпчүлүк массалык маалымат каражаттары үгүт өнөктүгү баштала электе эле талапкер болом деген айрым жарандар тууралуу маалыматтарды жарыялап, мыйзам талаптарын бузуп жатышат. (BD)