ЕККУнун Бишкектеги борбору милициянын тергөөчүлөрүнө электрондук маалымат китепчелерди бүгүн таратып берди. Китепте Кыргызстандын негизги укуктук-нормативдик актылары, тергөө жүргүзүү эрежелери менен тартиби, алгачкы тергөөдө колдонулчу документтер тууралуу маалыматтар кыргыз жана орус тилдеринде жазылган. Китептер ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына берилди. ЕККУ бул ишти Кыргызстандын тартип коргоо органдарын реформалоо долбоорунун алкагында жасады. (BD)