Бул радионун жалпы өлкөгө чыгуусуна шарт түзгөн ФМ жыштыгын Улуттук байланыш агенттиги бөлүп берди. Бул тууралуу радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси К.Кыдыралиев мекемелер аралык комиссиянын маалымат коопсуздугуна арналган жыйынында билдирди. Анын айтымында, “Кыргызстан обондору” бардык облустар аймагында ушул күздөн тарта уктура баштайт. Андан тышкары Каракол шаарында сегиз жылдан бери иштеп келаткан “Антенн ТВ” компаниясына кошумча жыштык берилип, анын берүүлөрүн Ысык-Көл облусунун бардык аймагындагылар уга турган болушту. (BD)