Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:29

Өзбекстан бир тараптуу каратып алган Чек айлында жашоо кооптуу болууда


Өзбекстан бийлиги бир тараптуу өзүнө каратып алган Чек айылындагы тургундар жардам сурап, Президент менен Жогорку Кеңешке, Өкмөт менен Тышкы иштер министрлигине, “Ак жол” партиясына кайрылуу жиберишти. Кайрылууда Чек айлынын кайсы өлкөгө караштуулугун тактоо талабы коюлду. Бул тууралу « Азаттыкка кыштак тургуну Салимурза Жумабаев билдирди. Анын айтымында, өзбек чек арачылары кайтарган айылда жашоо кооптуу болууда. Айылга тиешесиз адамдар менен автоунааларды текшерген өзбек жоокерлеринен ар турдүү провокацияларды күтүүгө болот. Алар текшеримиш болуп, маңзатын сала коюп, ал үчү кимди болсо да күнөөлөшү мүмкүн. “Өзбек акими айткандай жер Өзбекстандыкы болсо, кыргыз жарандары айылды таштап чыгуусу мүмкүн. Ал үчүн кыргыз же өзбек өкмөтү турак-жайлар үчүн компенсация төлөсүн, - деп жазылган кайрылууда. (YA)

XS
SM
MD
LG