Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:14

Бүгүн “Жаңы Кыргызстан” партиясынын курултайы болот


Партиянын төрагасынын орун басары Марат Кайыповдун “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, курултайда президенттик шайлоо маселеси талкууланат жана партиянын 15 жылдыгына карата партиянын төрагасы Үсөн Сыдыковдун отчету угулат. Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда боло турган курултайга 650 делегат катышары күтүлүүдө. “Жаңы Кыргызстан” партиясы өткөн жумада Ошто өткөргөн жыйынында президенттик шайлоодо Курманбек Бакиевдин талапкерлигин колдоо чечимин кабыл алган. Бирок бул партиянын мүчөсү Исмаил Исаков да президенттик шайлоого талапкер катары катышууда.(AiT)

XS
SM
MD
LG