Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:07

Сузактын Көк-Арт айлынын тургундары Бишкек-Ош жолун тосушат


300 кишинин колу коюлган кайрылуу КР мамлекет башчысы Курманбек Бакиевге жолдонду. Анда эгер ЖК депутаты Руслан Шаботоев менен дагы бир депутат Жусупжан Жээнбековдун уулу, ишкер Бактияр Аимражанов 1-июнга чейин табылбаса, Бишкек-Ош кан жолун бууша тургандыгы же болбосо 23-июлда боло турган президенттик шайлоого бойкот жарыялаша тургандыгы айтылган. Мындай чечим Көк-Арттыктар 26-апрелде өткөргөн жыйында кабыл алынган. Кайрылууда ошондой эле ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин жана УКМК жетекчиси Мурат Суталиновдун кызматтан алынуусу талап кылынган.(ZKo)

 

XS
SM
MD
LG