Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:25

БЭК: Темир Сариев биримдик принциптерин бузгандыгы үчүн чыгарылды


Бириккен элдик кыймыл өз курамынан “Ак шумкар” саясий партиясын лидери менен кошо чыгаруу аракетине түшүндүрмө берген билдирүү таратты. Анда “Ак шумкар” саясий партиясынын төрагасы кыймылды жиктөөгө багытталган аракеттери менен оппозициялык бириккен кыймылдан чыкты, деп айтылат. Билдирүүдө “БЭК тууралуу жоболорду ага мүчө болуп кирген ар бир адам айныксыз карманууга милдеттүү болчу, БЭК шайлоого бир команда, бир мандат деген система менен барууну чечкен, бирок Темир Сариев бул келишимдерден четтеп кетти”, деп жазылган. Ошондой эле билдирүү ээлери мамлекеттин тагдыры жөнүндө сөз болуп жаткан учурда туура жолду чогуулап табууга милдеттүүбүз, деп белгилешет.
“Ак шумкар” саясий партиясынын төрагасы Темир Сариевди БЭКтен чыгаруу чечимин кыймылдын саясий бюросу кечээ кабыл алган.(ZKo)


XS
SM
MD
LG