Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:47

Исмаил Исаков “Жаңы Кыргызстан” партиясынын катарынан чыгарылды


Бул тууралуу чечим партиянын бүгүнкү курултайында жалпы кабыл алынды. Курултайдын катышуучулары партиянын башкы катчысынын көз карашы “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынын позициясына туура келбейт деген жүйөө менен ушундай чечимге келишти. Исмаил Исаковдун ордуна партиянын башкы катчысын дайындоо тууралуу чечимди партиянын саясий бюросу жакынкы күндөрү карайт. Партиянын позициясына туура келбеген көз караштары үчүн Исмаил Исаков менен кошо дагы бир катар мүчөлөр "Жаңы Кыргызстандан" чыгарылды. Исмаил Исаков 24-декабрда оппозициянын бириккен элдик кыймылына кошулган. Президенттик шайлоого өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG