Мындай маалыматты бүгүн “Азаттыкка” Ак-Татыр айылдык кенешинин төрагасы Кадыралы Кудаяров билдирди. Анын айтымында, аталган айыл өкмөттүн башчысы Шарипа Кадырова бул кызмат орунга татыктуу эмес. Анткени, айылдык денгээлде чыгарган чечимдери, уюштуруу иштери жакшы жолго коюлбаган. Айылдык кеңештин сессиясына катышкан 9 депутатынын баары ага ишеним көрсөтпөө үчүн добуш беришкен. Айылдык кеңештин төрагасы чечим райондук акимчиликке сунушталып, жакынкы күндөрү башка айыл өкмөт башчысын бекитүү маселеси каралаары тууралуу да кошумчалады.(JsA)
Баткендин Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысына жергиликтүү кеңеш ишеним көргөзбөө чечимин чыгарды