Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

Эмгек кодексине киргизилген өзгөртүүдөн улам Нарын облусунун бюджети 147 млн. сомго кемийт


Эмгек кодексинин 363,365-беренелериндеги «эмгек акыга» деген сөздөр «кызматтык маяналарга» деген сөздөргө алмаштырылып, өзгөртүлгөндүгүнөн улам Нарын облусунун бюджеттик кызматкерлеринин маяналары быйылкы жылда 147 миллион 800 миң сомго кыскарышы болжолдонууда. Мындай маалымат Нарын облустук акимчиликтен алынды. Маселен, облустук акимчиликте эмгектенген 86 кызматкердин жалыйналары апрель айында 90 миң сомго кыскарган. Ал эми мугалимдердин, дарыгерлердин эмгек акылары айына орточо 1200 сомго азаймакчы. Эмгек кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизген мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш быйыл 19-февралда кабыл алып, ага өлкө башчысы 30-мартта кол койгон. (KUs)

XS
SM
MD
LG