Европа биримдиги Грузия, Азербайжан, Түркия жана Египет менен энергия тармагында келишимге жетишти. Прагадагы саммитте Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азиянын газ менен мунайын Европа рыногуна жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланган. Сөз болгон өлкөлөр менен Брюссел куурларды жана жолдорду курууга саясий колдоо, техникалык жана финансылык жардам берүү тууралуу макулдашышты. Бул аралыкта биримдиктин учурдагы төрагасы Чехиянын премьер-министри Мирек Тополанек Түркмөнстан жаңы газ түтүгү боюнча долбоорго олуттуу карайт деп билдирди. Түркмөн өкмөтү газды экспорттоонун жаңы жолдоруна тоскоолдук жок деп эсептейт, - деди Тополанек. Прага жолугушуусуна шаркеттин, Азербайжан, Грузия, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан, Египет жана Ирактын лидерлери катышты.