Мындан бир ай мурун оппозиция президент Михаил Саакашвилинин кызматтан кетишин талап кылып нааразылык акцияларын баштаган эле. Парламенттин спикери Давид Бакрадзе жолугушууну даярдоо иштери жүрүп жатканын жана сүйлөшүүлөрдү бүгүн өткөрүү мүмкүнчүлүгү тууралуу Рустави-2 каналына маалымдады. Анын айтымында, спикер жана парламенттеги көпчүлүктүк түзгөн фракциянын өкүлдөрү оппозиция менен сүйлөшүү үстөлүнө отурууга даяр. Бирок Бакрадзе Саакашвилинин жолугушууга катышып катышпасы жөнүндө айткан жок. Ройтерс агенттиги болсо оппозициянын сүйлөшүүлөргө макул болгондугун маалымдады. Оппозиция лидерлери Бакрадзе менен жолугушууга өз өкүлдөрүн жиберерин, ал - президент Сааакашвили менен сүйлөшүүгө даярдык иретинде болорун билдиришти.