Маалыматка караганда, 7-майда “Авиа-Трафик” компаниясына таандык Ан-24 учагы Бишкек-Ош каттамы аркылуу учуп, жерге конгондо дөңгөлөгүнөн түтүн чыгып калдактап барып конгон. Жүргүнчүлөр жерге түшкөндө, учактын эки дөңгөлөгү тешилип калганына күбө болушкан. Бул боюнча “Авиа-Трафик” компаниясынан маалымат алууга эч бир мүмкүнчүлүк болгон жок. (AJ)