Президент Курманбек Бакиев мындай пикирин 8-майда Шопоков шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган мемориалдык такта жанында чогулган эл алдында билдирди. Өсүп келаткан муунга Улуу жеңиштин маани-маңызын түшүндүрүп берүү жана андагы ардагерлердин эрдигин, кайраттуулугун даңазалоо мамлекеттин милдети экенин баса белгиледи. Ардагерлерге жетишээрлик көңүл бурулбай жатканын түшүнөрүн айтып, мындан ары жакшыраак кам көрүлөт, деди президент. (EBM)