Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Борбор Азияда кароосуз балдар саны көбөйүшү ыктымал


Бириккен Улуттар Уюмунун балдар кору (ЮНИСЕФ) экономикалык каатчылыктын айынан Борбор Азиядагы мамлекеттерде кароосуз, таштанды балдар саны көбөйүшү мүмкүндүгүн айтты. Аталган жумуриятта мамлекеттин багуусунда калган балдар саны арбып жатканына тынчсыздануу билдирди. Аймактагы өкмөттөрдү балдарды жана үй-бүлөлөрдү натыйжалуу колдоону өнүктүрүүгө чакырды. ЮНИСЕФтин Борбордук, Чыгыш Европа жана КМШ жумурияты боюнча деректири Стивен Аллендин айтымында, көптөгөн балдар балдар үйүндө тарбияланып жатат. Муну ордуна мамлекет баланын үй-бүлөлөрдө багылышын камсыз кылган натыйжалуу, анча чыгымдуу эмес стратегияларга артыкчылык бериши керек, дейт С. Аллен. Бишкекте 12-14-май күндөрдү балдарды коргоо системаларын жакшыртууга арналган эл аралык форум өтөт. Ага Борбор Азия өлкөлөрүнөн сырткары Азербайжан, Түркиянын өкүлдөрү катышмакчы. (EBM)

XS
SM
MD
LG