Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

Жети-Өгүздүн Кичи-Жаргылчак айылында Жеңиш күнү белгиленди


Айылда Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калгандардын урматына 1980-жылдары тургузулган эстеликтин жанына 1942-жылдагы 72 калибрдеги пушка орнотулду. Бул пушканы Коргоо министрлиги белекке берген. Улуу Жеңиштин күнүнө карата уюштурулган иш чарага айыл тургундары облустун, райондун өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Исабеков катышты. Кичи-Жаргылчак айылынан согушка жүздөн ашуун адам катышкан. Алардын сексен төртү согушта курман болуп, кырк бири мекенине кайтып келген. Учурда согуштун эки ардагери эле калган. (AJ)

XS
SM
MD
LG