Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Жалал-Абатта зомбулук кылгандардын бири кармалды


Жалал-Абат шаардык кеңешинин депутаты Убайдулла Чымбердиевдин «Шор-Булак» аттуу ишканасына белгисиз адамдар кол салган. Чүмбөттөлгөн күрт улутундагы бейтааныш үч адам депутаттын Мирлан аттуу баласын «кыргыздар көптүңөр» деп коркутуп, бетин тилген. Бул тууралуу шаардын жашоочусу Жалил Миталипов билдирди. Шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Таалай Төрөканов үч адамдын бирөөсү колго түшүп, кылмыш окуясы ачылгандыгын айтты. Анын билдиришенче, кол салгандар чүмбөт кийген эмес, депутаттын баласынын бети тилинбей, анын чөнтөк телефону тартылып алынган. Окуя учурда изилденүүдө. Анын жыйынтыгы дүйшөмбү күнү белгилүү болот. (YA)

XS
SM
MD
LG