Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Ошто Жеңиш күнүнө арналган салтанат үзгүлтүккө учурады


Шаардын борбордук аянтына чогулган беш миң чакты жаранды Жогорку Кеңеш төрагасы Айтибай Тагаев, Ош шаар мэри Мелис Мырзакматов, Ош облус губернатору Аалы Карашев Жеңиш күнү менен куттуктап, согуш каармандарынын эрдигине таазим этишти. Театрлаштырылган салтанат эми башталганда, көнөктөп жааган жамгыр маанайды бузуп, бир айдан бери даярдалган оюн-зооктор жана аскердик парад көрсөтүлбөй калды. Чоңдор болсо Ноокатта уюштурулган күрөш боюнча эл аралык мелдешке шашылып жөнөп кетишти. Ошентсе да айрым талдоочулардын пикиринде, бийлик башчылары элеттен атайы чакырылган 200 чакты согуш ардагери менен жолугуп, кеп-сөзүн угуп койсо соопко калмак. (ATo)

XS
SM
MD
LG