Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:28

Укук коргоочулардын кеңеши Петровка айылы боюнча жыйынтык чыгарды


Акыйкатчынын алдындагы укук коргоочулардын кеңеши Петровка айылындагы чатак боюнча жыйынтык чыгарды. Анда 26-апрелде Петровка айылында болгон окуянын чоо-жайы иликтенип, айыл тургундарынын араздашуусу жергиликтүү укук коргоо органдарынын тийиштүү чара көрбөгөндүгүнөн улам болгондугу белгиленген. Укук коргоочулар кеңеши жергиликтүү бийлик менен укук коргоо органдарына этникалык карама-каршылыктар чыкпоосу үчүн жерди туура пайдаланууга көз салууну, аялдарды жана балдарды кордоодон сактоону, айылдарда, мектептерде профилактикалык иш чара өткөрүүнү сунуштаган. Укук коргоо органдарына участкалык инспекторлордун кесипкөйлүгүн көтөрүүнү жана аларды Райондук ички иштер бөлүмүндөгү иштерге чакырып, алаксытууну токтотууну, соттук эксперттердин кесипкөйлүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатууну, диаспоралардын лидерлерине Петровка айылындагы кагылышууну терең анализдеп чыгууну, саясий күчтөргө этникалык маселени саясатташтырбоону сунуштаган. Ошондой эле бийликти Петровка боюнча оппозициянын мүчөлөрүнө каршы ишти токтотууга чакырып, оппозицияны болсо айылдагы көпчүлүктү саясий агитациялык ишке колдонбоого үндөгөн. Бул иш боюнча Укук коргоочулар кеңеши көмөк гана көрсөткөнүн белгилеп, мамлекет мыйзамдуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга милдеттүү экендиги айтылат. Укук коргоочулар кеңешинин маалыматына караганда Москва районундагы Петровка айылындагы чыр-чатак боюнча үч кылмыш иши козголгон. (AJ)

XS
SM
MD
LG