Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:43

Нарында Сейитказы Андабековдун чыгармачылык концерти өттү


Кыргыз эл артисттери, таланттуу жубайлар Сейитказы Андабеков менен Койсун Карасартованын басып өткөн чыгармачылык жолу чагылдырылган концертти Нарын облустук академиялык драма театрынын жамааты «эсен болуп эстейли, Сепемден алыс кетпейли» деген аталышта Улуу Жениш күнүндө өткөрүштү. Концерттин башталышында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, быйыл 85 жашка таяган Сейитказы Андабеков өнөрүнөн бир чырпым үзүндүнү көрүүчүлөргө тартуулады. Концерт учурунда атактуу жубайлардын ар кыл жаш курагындагы аткарган тарыхый чыгармаларынын тасмасы көрсөтүлүп турду. Кадырман карыга театрдын кесиптик кошунунун атынан акчалай сыйлык ыроолонду. Көрүүчүлөрдүн дээрлик 80 пайызын мектеп окуучулар жана жаштар түздү. (KUs).

XS
SM
MD
LG