Бир айдан берки саясий тирешке байланыштуу оппозиция Михаил Саакашвилиге бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат бешке чейин жолугушууга ультиматум койгон эле. Коомдук сыналгыдан дүйшөмбү күнү жолугушуу күндүз 12де болоору маалымдалды. Кечээ Саакашвилинин кетишин талап кылган демонстрацияга 10 миңден ашык киши катышты.