Балдарды коргоо тармагын реформалоо маселесин талкуулаган бул конференцияга Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Түркия мамлекеттеринен өкмөттүк делегация катышат. Конференцияны Кыргыз өкмөтү уюштуруп, ЮНИСЕФ колдоого алат. ЮНИСЕФдин маалыматына караганда акыркы жылдары Борбор Азия өлкөлөрүндө таштанды балдар көбөйүп, ага жараша мамлекеттик мекемеде багылган балдардын саны кескин өсүүдө. Ошондуктан эл аралык уюм опурталдуу жагдайдагы балдарды жана үй-бүлөлөрдү колдоого өкмөттөрдү чакырат деп айтылат ЮНИСЕФ тараткан маалыматта. (BuS)