Жогорку класстын окуучусу Анатолий Пилипенко 7-класстын окуучусун өлтүрдү деп айыпталууда. Жогорку Сот киши өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишине байланыштуу тараптарга кошумча суроолор пайда болду деп, 7-майдагы отурумунда ушундай чечим кабыл алган. Айыпталуучу соттун биринчи баскычында акталган. Чечимди Ысык-Көл облустук соту жокко чыгарып, айыпталуучуну 10 жылга эркинен ажыраткан. Пилипенко киши өлтүргөн эмес деп эсептеген мектеп окуучуларынын тобу 7-майда Жогорку Соттун алдында акция уюштурушкан.
Киши колдуу өлгөн 14 жашар Алена Золотухинанын сөөгү былтыр июнь айынын этегинде Ысык-Көлдүн жээгинде табылган. Пилипенконун жактоочулары анын бул өлүмгө тиешеси жок деп жатышат.(BuS)
Киши колдуу өлгөн 14 жашар Алена Золотухинанын сөөгү былтыр июнь айынын этегинде Ысык-Көлдүн жээгинде табылган. Пилипенконун жактоочулары анын бул өлүмгө тиешеси жок деп жатышат.(BuS)