Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

Барак Обама араб өлкөлөрүндө популярдуу


АКШ президенти Барак Обама өз өлкөсүндө караганда, араб дүйнөсүндө алда канча популярдуу. Бул тууралуу Ipsos агенттиги жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыктарынан кийин белгилүү болду. Аталган агенттик алдыңкы беш араб өлкөсүндө, анын ичинде Египет жана Сауд Арапстанда сурамжылоо жүргүзүп, 7 миң кишинин пикирин сураган. Анын жыйынтыгына ылайык, сурамжылоого катышкандардын 33 пайызы АКШ тууралуу оң, 43 пайызы терс пикирде болсо, 14 пайызы калыс пикирин билдирген. АКШ президенти Барак Обаманы сурамжылоого катышкандардын 48 пайызы колдору аныкталды.

XS
SM
MD
LG