Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:49

Ноокат окуясы боюнча калыс чечим кабыл алынышы керек


Мындай билдирүүнү бүгүн "Ачык позиция" аттуу коомдук фонд таратты. Анда өткөн жылдын 1-октябрында Ноокат районунун борборунда болгон окуя боюнча соттолгон 22 адамдын ишин Жогорку Сот 14-майда карары жана бул сот укуктун үстөмдүгүн калыбына келтириш керек деп коомчулук күтүп жаткандыгы айтылат. Укук коргоочулардын билдирүүсү боюнча, Орозо айтты райондун борбордук аянтында белгилөөгө жергиликтүү бийлик күтүүсүз жерден тыюу салганда башталган нааразылык митинг башаламандыкка чейин жеткен.Массалык башаламандыкты уюштурду деген кине менен кармалган адамдардын күнөөсүн мойнуна алдыруу үчүн милиция кыйноолорду колдонуп, прокуратура көзөмөлдүк милдетин аткарган эмес. Айыпталган 32 адамдын баары сот жообуна тартылып, райондук, облустук соттор 22сине оор жазаларды берди, бирок алар чыныгы далилдердин негизинде болгон жок деген коомдук фонд Жогорку Сот бардык далилдерди дыкат карашы зарыл деп билдирет. Андан тышкары Ноокат окуясында адамдардын укугу бузулгандыгы боюнча фактыны азыр БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинин сегиз докладчысы иликтеп жаткандыгын кабарлады. Ал эми Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратура бул окуя боюнча коюлган айыптар мыйзамдуу жана жазалар негиздүү берилди деп билдирип келишет.(BD)

XS
SM
MD
LG