Бейөкмөт уюмдардын “Жарандык коом жана демократия” аттуу коалициясы мындай билдирүүнү БШКнын бир катар гезиттер президенттик шайлоого карата үгүт иштерин баштап жиберди деген эскертүүсүнө байланыштуу таратты. Коалиция Шайлоо Кодексинин 30-беренесине ылайык шайлоонун үгүт иштери 18-июндан тарта гана башталат, демек оппозициянын курултайы жөнүндө жазган гезиттердин маалыматы үгүт болуп саналбайт деп билдирип, БШКны президенттикке бардык талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө чакырды. БШК 7-майдагы жыйынында “Ачык саясат”, “Апта”, “Учур” жана “Репортер Бишкек” гезиттерине эскертүү берип, жалпы ММКларды мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзбөөгө чакырган болчу.(BD)