Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Рим Папасы Израилге келди


Бул - Рим католик чиркөөсүнүн башчысынын Жакынкы Чыгыш боюнча сапарынын акыркы бөлүгү. Бенедикт XVI сапары көбүнесе Иса пайгамбардын жашоосу менен байланышы бар ыйык жайларга зыярат жасоо максатын көздөйт. Бирок ал жөөттөрдүн жана мусулмандардын ыйык жайларына да бармакчы. Папа мындан сырткары түрдүү диндер ортосундагы диалогко жана ынтымакка, Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотууга чакырган сөз сүйлөөрү күтүлүүдө.

Бүгүн Рим папасы Иерусалимде Холокостун курмандыктарына арналган мемориалда болот. Мурдараак анын Холокостту жээриген британиялык динаятчыны чиркөөдөн четтетүү жөнүндөгү чечимди жойуусу айрым израилдиктердин кыжырдануусун жараткан.

Эртең Бенедикт XVI палестиналык качкындардын Вифлеем шаарынын жанындагы лагерине да барат. Израилге чейин Иорданияда болгон учурунда Рим папасы чиркөө “саясий эмес, аймактагы тынчтык жараянына көмөк көрсөтө алуучу рухий күч” экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG