Кытай бүгүн чочконун сасык тумоосунун вирусун адам жуктурган биринчи учур катталганын ырастады. Ал эми АКШнын билдиргенине караганда, вирусту жуктургандар өткөн жума, ишемби күндөрү 600 адамга көбөйүп, бүгүнкү күнгө карата 2532ге жеткен. Ошондой эле өткөн ишемби күнү АКШда бул илдеттен үчүнчү адам көз жумганы кабарланды. Ал эми вирус алгач чыккан Мексикада каза тапкандардын саны 48ге жеткен. Канада да болсо вирусту жуктургандар 286 адамга жетип, акыркы бешөөсү кечээ катталган.