Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:44

Эл артисти Койсун Карасартова менен коштошуу эртең Нарын облустук театрында өтөт


Кыргыз эл артисти Койсун Карасартова узакка созулган оорудан кийин 10-май күнү Бишкек шаарында 87 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Белгилүү өнөр адамынын сөөгүн коюу боюнча Нарын облустук акимчилигинде уюштуруу комитети түзүлгөндүгүн губернатордун орун басары Салтанат Эсенаманова билдирди. Нарын облустук М. Ырыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрынын деректири Абдыкадыр Жыкшылыков маркум Койсун Карасартова менен коштошуу жөрөлгөсүн 12-май күнү саат 10дон 11ге чейин өткөрүүгө даярдыктар жүрүп жаткандыгын маалымдады. Эне тилден башка казак, өзбек, уйгур тилдеринде тамаша ырларды жубайы, Кыргыз эл артисти Сейитказы Андабеков менен биргеликте чебер аткарып, жүз миңдеген адамдарды руханий байлыкка сугарган Койсун Карасартова 15 жашында, 1937-жылы уюшулган Тянь-Шань колхоз-совхоз театрында драматург Молдогазы Токобаевдин «Кайгылуу Какей» драмасында башкы кейипкердин ролун ойноп, өнөр секисине аралашкан. (KUs)

XS
SM
MD
LG